Ирактагы соңку кол салуулардан 47 адамдын өмүрү кыйылды

Өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Киркук шаарындагы бүгүнкү жардыруу эртең менен банк имаратынын сыртында адамдар топтолуп турган кезде болгон. Андан 18 адам каза таап, 50сү жаракат алды. Ал эми башкаала Багдаддан алтымыш чакырым аралыктагы Бакуба шаарында аскерий күзөттүн жолунда жасалган жардыруудан, ирактык беш жоокер каза тапкан. Согушкерлердин таяныч бекеттеринин бир катары эсептелген ал – Анбар провинциясында 24 адамдын сөөгү табылды. Мунун аралыгында бүгүн Иракттын Улуттук ассамблеясында өкмөткө ишеним көргөзүү маселеси добушка салынып, колдоо тапты. Күрд лидерлеринин бири Массуд Барзани болсо Ирактын түндүгүндөгү үч провинцияны камтыган Күрдүстан чөлкөмүнүн президентинин кызматына төрт жылдык мөөнөткө расмий киришти.