«Мекеним-Кыргызстан» лидери сотко кайрылат

БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан президенттик кызматка талапкер катары катталбай калган Урмат Барыктабасов шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылат. Бул тууралуу «Мекеним-Кыргызстан» кыймылынын өкүлү Бермет Турдуниязова 14-июнда билдирди. Анын айтымында, жакын арада кыймылдын кайрылуусу чыгат. Бирок анда биз элди көчөгө, митингиге чыгууга үндөбөйбүз. Биз өлкөдө туруктуулук болушун каалайбыз, деп белгиледи Турдуниязова. «Мекеним-Кыргызстан» сотко эле эмес, эл аралык уюмдарга да кайрылып, Кыргызстанда демократиялык принциптердин бузулушу жөнүндө маалымат бермекчи. Борбордук шайлоо комиссиясы Урмат Барыктабасов казак атуулдугун алган деп, 13-июнда талапкер катары каттоодон баш тарткан.