Жогорку сот төрагасы имаратка кире элек

БИШКЕК. 14-июнда Жогорку Кеңеш Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун маалыматын угуп, анын маалыматы эске алынсын деген токтом кабыл алды. Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун айтымында, соттун кылмыш жана атуулдардын арызын тергөөчү эки соттук коллегиясы ишке киришти. Бирок өзү тартип коргоо органдарынын кеңеши боюнча сот имаратына кирбей башка жерде иштеп жатат. Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталинов милиция мындан ары соттун иштешине мүмкүнчүлүк түзүп, аны басып алууга жол бербесин расмий түрдө билдирди.