Төрөкул Дооров, Москва 14-июнда айтылуу «Буденновск трагедиясына» 10 жыл толду. 1995-жылы 14-июнда чеченстандык жикчилердин башчысы Шамил Басаевдин куралчан тобу Буденновск шаардык ооруканасында бир жарым миңден ашуун адамды алты күн бою барымтада кармап, кийин Чеченстанга качып кетүүгө үлгүргөн. Бул окуя орусиялык куралдуу күчтөрдүн абийирине так кара калтырган окуялардын бири жана Орусия тарыхындагы ири террор актылардан.
Арадан 10 жыл өткөндөн кийин да «Буденновск трагедиясы» үстүндө жүргөн талаш-тартыш токтой элек. Ал каргашалуу барымта окуясынан жапа тарткандар дале чындыкты талап кылышууда.
- Басаевдин адамдарынан бирөөсү гана өлдү. Аны Чеченстанга алып кетүү үчүн куралчандарга муздаткыч жана жети унаа бөлүп беришти. Биздин адамдар болсо өлгөндөр арасында өздөрүнүн туугандарын таба албай жүрүштү. Муну кандай түшүнсө болот?
- Ал окуянын трагедияга айланышына ошол кездеги президент Борис Ельцин күнөөлүү. Ал маалда президент башка жерлерде эс алып жүргөнүн токтотуп, мамлекет башчы катарында, бизге келиш керек болчу – келген жок! Террорчулар менен сүйлөшүү жүргүзгөн В.Черномырдинчи. Шерменде эле болду! - деп ызаланат бул киши.
1995-жылдын 14-июнунда Шамил Басаев жетекчилигиндеги куралчан адамдар тобу Буденновсктун ооруканасында адамдарды алты күн бою барымтада кармашкан. 17-июнга караган түнү орусиялык куралдуу күчтөр имаратка чабуул коюшту. Операция ийгиликсиз өткөндөн кийин жикчилер Чеченстанга кетүүгө автобус берүүнү талап кылышат. Ал мезгилде премьер-министр болуп турган Виктор Черномырдин Басаев менен сүйлөшүүгө барат да, кийинчерээк куралчандарга жети автобус бөлүп берет. Жикчилер Чеченстанга чыгып кетишет. Жалпысынан окуядан 129 адам көз жумуп, 450 дөн ашууну жаракат алган.
Ал учурда өлкөнүн Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы болуп турган аскерий журналист Виктор Боронец мындай дейт:
- Бул окуя башталганда биздин Коргоо министрликтин жана генштабдын өкүлдөрү эмне кылаарды билбей калышканы дале эсимде. Биздин армия, куралдуу күчтөр, тыңчыларыбыз да массалык барымтага алууга каршы иш жүргүзүүгө такыр жөндөмсүз экендиктерин көрсөтүштү. Анын үстүнө, жок эле дегенде райондук деңгээлде стратегиялык объектердин бири, төрөт үйүндө да, сакчылык иши начар экендигине ынандык.
Ал эми ошол жылдары Мамдуманын төрагасы болуп турган Иван Рыбкин, тетирисинче, Виктор Черномырдин Басаев менен сүйлөшүп, кийин ага Чеченстанга чыгып кетүүгө уруксат бергени туура чечим болгон деп эсептейт:
- Азыр көптөр Черномырдинди ал кезде алсыздык көрсөттү деп айыптап келатышат. Бирок менин ишенимимде, Виктор Степанович ал кезде миңдеген адамдын жанын сактап калды. Террористер менен сүйлөшүүгө барбоо деген туура, бирок таразага миңдеген адамдардын өмүрү коюлса, кандай гана болбосун сүйлөшүүгө баруу зарыл.
Шейшембиде Буденновскто таң эртелеп жамгыр куюп жатты. Трагедиядан курман болгондорду аба-ырайы да көз-жашын төгүп эскерип жаткандай.