ЖАЛАЛАБАТТЫКТАР ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫНЫН ӨЛКӨ АЙМАГЫНАН ЧЫГЫП КЕТҮҮСҮН ТАЛАП КЫЛЫШУУДА

  • Ырысбай Абдыраимов
14-июнда качкындар лагерине барышкан Жалалабат шаары менен Сузак районунун кыргыз жана өзбек улутундагы түрдүү курактагы жарандары бир айдан бери облустун аймагында убактылуу жашап турган өзбек бозгундарын мекенине кайтуусун талап кылышты. Алар талаптары үч күн ичинде аткарылбаса, көп эл менен келип бозгундарды күч менен сүрүп чыгараарын билдиришти. Ал эми өзбекстандык бозгундар мылтык менен атса да мекенине кайтпай тургандыктарын айтышууда.
Жалалабат шаары менен Сузак районунан чогулган кыргыз жана өзбек жарандары күзөтчүлөрдүн биринчи бекетинен качкындар лагерине чейин жөө барышып, бир айдан бери облус аймагында убактылуу баш калкалаган бозгундардын кетүүсүн талап кылышты:

- Өз элиңерге, өз жериңерге кеткиле. Силердин да элиңер, жериңер бар. Бүгүндөн баштап биздин аймактан чыгып кетүүңөрдү талап кылабыз, - деп кыйкырган адамдарды ички иштер аскерлери лагерге кирүүсүнө мүмкүндүк беришпеди.

Бозгундарды кетирүүгө аракет кылгандардын пикири боюнча, лагерде түзүлгөн жакшы шарттан эч ким кетүүнү каалабайт жана аларга үч күн убакыт берилет.

Сузактын атын атоону каалабаган өзбек улутунданы бир тургуну диний уюмдардын мүчөлөрү Кыргызстандын тынчтыгын да бузуусу ыктымал деген оюн айтты:

- Эч кандай санаасы жок жатышат. Булар кантип кетет, куусаң да кетпейт. Эч иш кылбай, күнү-түнү уктап, эти менен ысык тамак жеп жатышса буларда эмне кеми бар. Өзбекстандын Анжиян облусунан баласы менен келген келин менен сүйлөштүм. Үчүнчү жолу келдим, ал жакта тынч, жамандык кылган эч ким жок, күйөөм бул жерден кетпейм деп атат, дейт.

Дагы бир кыргыз жараны алардын үч күн ичинде чыгып кетүүсүн талап кылды:

- Биз ультиматум коебуз, үч күндө булар чыгып кетсин.

Барпы айыл Кеңешинин депутаты Кочкор Тургунбаевдин пикиринде, бозгундар коңшу мамлекеттин ынтымагына шек келтирүүсү мүмкүн:

- Айылыңарга баргыла, эки мамлекет ынтымак жашайлы деп жатабыз. Биз баралы да сүйлөшөлү. Мен өзүм Барпы айылынын депутаты болом, азыр эки миң адамдын атынан өзүм келдим.

Сүйлөшүүгө келген качкындардын 8 өкүлү Өзбекстандагы кыргындан улам качууга мажбур болгондугун жана Анжияндагы митингде калк талабын бийлик укпагандыгын, мылтык менен атса да лагерден чыкпай тургандыктарын билдиришти:

- Биз октон качып ушул жерге келдик. Бизди мылтык менен атсаңар да кетпейбиз. Менин уулумду атышкан, мен эми эмне кылышым керек?

Миграция кызматынын адиси Мирлан Акамбаев бозгундар убактылуу турганын, териштирилген соң гана алардын тагдыры чечилээрин түшүндүрмөк болгондо качкындардын кетүүсүн талап кылып келгендер анны элүү метрдей ары сүдүрөп кетишти. Миграция адисин ички иштер аскерлери куткарып алышты.

Эки чоң, он жети кичи автобус менен туугандарын алып кетүүгө келген өзбекстандык адамдардын аракети бул күнү да текке кетти.