Бакыт Аманбаев, Бишкек Байкоочулардын баамында соңку мезгилдери Жогорку Кеңештин аткаруу бийлигинин айрым мүчөлөрүнүн дарегине болгон сын-пикири кескин күчөдү. Парламенттин өткөн апта соңундагы отурумунда жалпы эле аткаруу бийлик дарегине сын айтылбастан, президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыковду кызматтан кетирүүнү президенттин милдетин аткаруучудан сунуштаган токтом кабыл алынды. Кийинки күнү парламент имарат алдында Жогорку Кеңешти таратууну талап кылган митинг өткөрүлдү. Мындай көрүнүнүштү талдоочулар аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосундагы карама-каршылыктын күчөй башташы катары баалашууда.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон атуулдардын башкы талабы - добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу жана Аскар Акаевди кызматтан кетирүү болгону белгилүү. Март ынкылабынан кийин өлкөдө түзүлгөн саясий кырдаалдан улам парламентти таратуу демилгеси өзүнөн-өзү токтотулган. Кийинчээрек аткаруу бийлигинин айрым өкүлдөрүнүн азыркы парламентти таратуу тууралуу пикирлери Жогорку Кеңеш депутаттарын тынчсыздандырып келет. Буга байланыштуу мындан бир нече күн илгери президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев президенттин милдетин аткаруучунун парламентти таратпоо тууралуу билдирүүсүн Жогорку Кеңеш отурумунда окуп берген эле.
Негедир мындай билдирүүдөн кийин деле депутаттардын арасында парламент таратылат деген чочулоо күч бойдон калууда. Маселен, өткөн апта соңунда депутаттар күн тартибиндеги маселени талкуулабай эле түшкө чейин президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыковдун жергиликтүү гезиттер аркылуу парламенттин дарегине айткан сын пикирин талкууга алышты.
Сөз сүйлөгөн депутаттардын дээрлик бары тең Каракече, Ош, Жогорку сот жана парламентти таратуу маселелери боюнча Үсөн Сыдыковду айыпташты. Ошондой эле депутаттар жакын арада же Үсөн Сыдыковду кызматтан кетирүүгө же парламентти таратууга жетише тургандыктарын айтышты:
- Башка маселени коюп Үсөн Сыдыковду чакыралык. Аны угалык. Кыйын болсо бизди тарткатсын. Биз кыйын болсок аны кетирелик,-деди депутат Акматбек Келдибеков.
Ал эми Кубатбек Байболов болсо өлкөдөгү кырдаал боюнча убактылуу өкмөттүн ишмердүүлүгүн талкуулоону сунуштады:
-Тартип коргоо органдары тартип сактабай эле арачы органга айландырылды. Каракечени басып алды, эртең Токтогулду басып алышат. Менчикти кайра бөлүштүрүү башталды. Ошондуктан убактылуу өкмөттүн өз милдетин аткара албай жаткандыгын талкуулап, ага баа берелик.
Байболовдон кийин сөз алган депутат Каныбек Иманалиев жашыруун жыйын өткөрүп, президенттик шайлоону күзгө жылдырууну сунуш кылды:
- Бакиевге Конституцияны өзгөртүүгө макулсузбу, Сыдыковду кызматтан кетиресизби, Жогорку сотту бошотосузбу, деген үч талап койолу. Ушуга саясий эрки жетсе биз аны колдойбуз. Болбосо президенттик шайлоону күзгө жылдырабыз. Ал үчүн азыр парламент отурумун жабык түрдө өткөрөлүк.
Каныбек Иманалиевдин жогорудагыдай сунушу токтом түрүндө добушка коюлуп кабыл алынды. Ушул эле күнү депутаттар өлкөдөгү кырдаалдын курчушуна башкы күнөөкөр президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков экендигин айтышып, аны кызматтан кетирүү тууралуу токтом кабыл алышты.
Кийинки күнү парламент алдында нааразылык иш чарасы уюштурулду. Алар Жогорку Кеңеш жаңы бийликтин иштөөсүнө тоскоолдук кылып жактандыгын айтышып, парламентти таратуу тууралуу пикирлерин билдиришти:
- Шайлоо бүткөндөн кийин парламент таратылат. Ансыз жаңы өкмөт менен бул парламент иштеше албайт жана өлкөдө саясий туруктуулук болбойт,-
деген пикирин билдирди өзүн Калийча деп тааныштырган пикетчи.
Айтор байкоочулардын баамында, Жогорку Кеңештин жогорудагыдай токтому аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосундагы мамилени кайрадан курчутуп жибергенсиди.
Ал эми Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан Билим берүү министринин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулу парламенттин жогорудагыдай аракетин өлкөдөгү кырдаалды көбүртүп-абыртып жатышат деп баалады:
- Негизинен өлкөдө туруктуулук бар. Парламент депутаттары көбүртүп-жабыртып жатышат. Бул туура эмес. Өлкө келечеги үчүн туруктуулук менен иш алып барыш керек.