Кытайда суу ташкындан курман болгондордун саны 200гө жетиши мүмкүн

Кытай бийликтеринин айтымында, өлкөнүн түндүк-чыгыш чөлкөмүндө болгон суу ташкындан курман болгондордун саны 200гө жетиши мүмкүн. Расмий маалыматтар боюнча, курман болгондордун саны азыр 92ге жетти, алардын көпчүлүгү - балдар. Ташкындаган суу мектепти каптап кеткен Шаланхе деген кыштакта тургундар куткаруу иштеринин ойдогудай жүрбөй жатканына нааразылык билдирип, трагедияны иликтеп чыгууну талап кылышты.