Укук коргоо комитети кыргыз өкмөтүн сынга алды

БИШКЕК. Кыргызстандын жаңы бийлиги качкындардын укугун коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат. 13-июнда мындай билдирүүнү Адам укуктары боюнча кыргыз комитети Өзбекстандын төрт атуулун өзбек бийлигине кайтарууга байланыштуу таратты. Анда Улуттук коопсуздук кызматынын Жалалабад шаарындагы башкармалыгына алынып келинген 12 өзбек атуулун да ушундай тагдыр күтүп турушу мүмкүн экендигин баса белгилеп, кыргыз бийлигинин ал атуулдардын чын эле кылмыш жасаган же жасабагандыгын айгинелеген далилдерди талап кылбай жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди. Адам укуктары боюнча комитет андан тышкары Кыргызстандын укуктук жактан кызматташуу боюнча КМШ мамлекеттери менен түзгөн макулдашуулары ЕККУ менен БУУнун алкагында кабыл алган милдеттенмелерине карама-каршы келет деп белгилеп, укук коргоо уюмдары кыргыз бийлигинин адам укуктарын коргоо милдеттенмесин аткаруусун талап кылаарын жарыя кылды.