Бакиевдин атаандаштары талап коюшту

БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев президенттик шайлоо алдында кызматын өткөрүп берүүсү керек. Мындай талапты президенттикке талапкерлердин бир тобу 13-июнда макулдашуу хартиясына кол коюу учурунда коюшту. Алардын айтымында, Курманбек Бакиевдин кызматтык укук милдеттерин өткөрүп бериши административдик ресурсту пайдаланууга жол бербей, бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттын түзүлүшүнө өбөлгө түзөт. Ал эми Курманбек Бакиев Акаевдин бийлиги учурунда административдик басымды көп көргөн адам катары бийликтин шайлоого кийлигишүүсүнө жол бербесин жана шайлоо алдында премьер-министрлик кызматтан кетип, президенттин милдетин аткара бере тургандыгын билдирди. Анын айтымында, ал мындай чечимге мамлекеттин коопсуздугу үчүн барды.