Жумгал элинин коюп жаткан талаптары негиздүү

НАРЫН. Губернатордун пикиринде атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия тез аранын ичинде маселени чечпесе кышка даярдык начар болот. Азыловдун айтымында, Жумгалдан алынган акыркы маалымат боюнча, учурда Акулак көмүр кени иштей баштады. “Жумгал элинин талабы саясий мүнөздө эмес, экономикалык талаптар. Биз да Жумгал эли үчүн алар талап кылгандай көмүрдүн баасын арзандатууну, жолдорду оңдотууну жана тоолуу аймактардын 50 пайыз коэфициентин кошууну колдойбуз. Бирок экономикалык эсептөө сөзсүз болушу керек. Ал эми Каракечеде көмүрдү казган фирмалардын кимге таандык экендигин атайын комиссия териштирет. Парламент чечүүчү талаптар боюнча кайрылуу даярдап жатабыз”,- дейт Азылов.