ЖЫРГАЛБЕК СУРАБАЛДИЕВДИ ЭСКЕРҮҮ

10-июнда чак түштө Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, дзю-до күрөшү боюнча спорт чебери Жыргалбек Сурабалдиевди Бишкекте белгисиз бирөөлөр атып кетти. Жыргалбек Сурабалиевди достору, шакирттери, замандаштары эскерип, анын ишмердүүлүгү тууралуу түрдүү пикирлер айтылууда.
№8-Түндүк шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке депутат болгон Жыргалбек Сурабалдиев 1953- жылы 1- сентябрда Сокулук районунун Асылбаш айылында туулган. 1980- жылы Кыргыз дене тарбия инситутун, 2000- жылы Кыргыз Улуттук университетин бүтүрүп, эки адистикке: машыктыруучу жана юрист кесибине ээ болгон.

Жыргалбек Сурабалдиев менен жогорку окуу жайында бирге окуп, үзөңгүлөш дос болуп жүргөн Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Калимулла Жаманкулов досун мындайча эскерет:

- Дзю- до жана самбо боюнча республикалык балдар-өспүрүмдөр олмипиадалык резерв мектебинде машыктыруучу болуп кызмат өтөгөн. “CCCР спорт чебери” болгон. 1986- жылдан 1993- жылга чейин «Динамо» спорт коомунун дзю-до жана самбо күрөшү боюнча улук машыктыруучусу болуп иштеген. Андан кийинки 5 жылда дзю-до жана самбо күрөшү боюнча республикалык балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв спорт мектебинде директор болуп, бул спорттун өсүшүнө салым кошкон. Ошондуктан ага «өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу» деген наам ыйгарылган. Үч кыз, бир уулдун атасы. Кыздары жогорку билимдүү болуп, уулу Байыш Лондондо окуп жаткан. Балдарым билимдүү болуп, Кыргызстанга кызмат кылса, деп тилек кылчу.


Кыргыз спортунун өсүп- өнүгүшүнө демөөрчү болом дечү эле, намыскөй жигит эле, деп эскерет туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төргасынын орун басары, дүйнөнүн жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев.

Жыргалбек Сурабалдиев Кыргызстанды эл аралык аренага тааныткан жигиттерди тарбиялаганын, шакирттерине инисиндей мамиле кылганын, устаты кийин дагы спортчуларга жардам берип жүргөнүн айткан Бишкекетеги олимпиадалык резерв окуу жайынын улук машыктыруучусу Даулет Досалиев агайын минтип эскерди:

- Өзүнүн эмгек жолун 1973- жылы «Белогорский» совхозунда жумушчу болуп иштөө менен баштаган. Абдан талапты катуу койгону менен өтө жөнөкөй, боорукер адам эле. Анын 7 шакирти дзю-до күрөшү боюнча машыктыруучу болуп иштеп жатабыз. Агайдын жаркын элеси жүрөгүбүздө терең сакталат.

1998- жылдан бери Жыргалбек Сурабалдиев жеке ишкерлик менен алектенип, бизнес чөйрөсүнө аралашат. Бишкектеги авто тетиктерди жана авто машиналарды сатуучу «Кудайберген» жана «Азамат» базарларынын ээси болгон. 2002- жылы Кыргызстандын ишкерлер биримдигинин президенти болуп шайланган. Анын ишкерлик аракети «Даңк» медалы менен бааланган.

Ыраматылык Жыргалбек Сурабалдиев «Алга, Кыргызстан» саясий партиясынын активдүү мүчөсү катары да таанылган. 24- марттагы ыңкылап учурунда анын жана башкалардын ак шапкечен жигиттери элге каршы турган деген пикирлер да айтылып жүрөт. Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун «24- мартта Жыргалбек Сурабалдиевдин жигиттери токмоктоп, ээгимди сындырды» деп маалымат каражаттарына жарыя кылган. Ал эми Жыргалбек Сурабалдиев «ак шапкечен» жигиттер менен эч кандай байланышы жоктугун айтып, учурунда «Азаттык» үналгысына да интервью берген эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалиевдин өлүмү саясый заказ эместигин, анын себептери башкада экенин президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комитеттин төрагасы Турсунбек Акун мындайча боолголойт:

- Бул окуяны саясый заказ менен өлтүрүү деп айта албайм. Анын жеке ишкердүүлүгүнө байланыштуу чыр- чатактан чыгышы да мүмкүн. Криминалдык чөйрөнүн кылганы го деп ойлойм.

Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын милициясынын башчысы Өмүрбек Суваналиев бул окуяны буйрутма киши өлтүрүү катары баалап, тергөө иштери башталганын билдирди. Окуяга күбө болгондор «Мерседес» үлгүсүндөгү ак түстөгү автоунаадан Жыргалбек Сурабалдиевге ок атылганын кабарлашууда.

Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаев бул кылмышты буйрутма киши өлтүрүү катары баалоо эрте экенин билдирип, тергөө жүрүп жатканын айтты.

Маркум Жыргалбек Сурабалдиевдин сөөгү 12- июнда Бишкектеги Аларча көрүстөнүнө коюлат.