Ооганстанда барымтага алынган соопчулук уюмунун кызматкери өз өлкөсүнө кайтып кетти

Кечээ кечинде Ооганстанда эл аралык соопчулуук уюмунун кызматкери, италиялык жаран Клементина Кантони барымтадан бошотулган эле. Ал 10-июнь күнү өз мекени Италияга кайтып кетти. Кантони 16-майда Кабулда уурдалып кеткен. Оогн президенти Хамид карзай өлкөнүн ички иштер министрлигинин ишин жогору баалап, жергиликтүү уруу башчыларына көмөгү үчүн ыраазылыгын билдирди. Барымтачыларды болсо Карзай кылмыштуу бандиттер деп атады.