БИШКЕК. 10-июнда Жогорку Кеңеш өлкөдөгү кырдаалды талкуулап, Каракече көмүр кенинде, Карасуу базарында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу аткаруу бийлигин айыптады. Депутаттар бул ишти президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыков уюштуруп жатат деп, аны кызматтан алуу боюнча президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге сунушталган токтом кабыл алды. Мурда маалымдалгандай 6-июнда Жумгал районунун тургундары Каракече көмүр кенин басып алып, ал жердеги көмүр казган фирмалар жолду бузууда, кенди талап-тоноодо деп айыпташкан. Ал эми 9-июнда Карасуу базарына 150дөй бала келип, базардын кеңсесин талкалап, Баяман Эркинбаевдин кетишин талап кылышкан.