Бакыт Аманбаев, Бишкек Жогорку Кеңеш 10-июндагы отурумунда Жогорку соттун тегерегинде түзүлгөн абалды жөнгө салуу боюнча аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн маалыматын укту. Депутаттарга Ички иштер минстринин жана Башкы прокурордун биринчи орун басарлары маалымат беришти. Талкуу соңунда депутаттар аткаруу бийлигинин бул максатта жасаган ишин канааттандыралык эмес деп табуу жана президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевден президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыковду кызматтан алууну сунуштаган токтом кабыл алышты.
Күн мурунтадан белгиленгендей, бул күнкү отурумда Жогорку Кеңеш тарабынан буга чейин кабыл алынган токтомдордун турмушка ашырылышы тууралуу аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн маалыматын угуу пландаштырылган. Талкуу адеп башталганда айрым депутаттар тарабынан жалпы эле аткаруу бийлигинин дарегине сын пикирлер айтылып, депутаттар күн тартибиндеги маселени эмес, өлкөдөгү соңку кырдаалды талкуулоого өтүштү. Ага айрым депутаттардын билдирүүсү себеп болду.
Алгач депутат Баяман Эркинбаев Ош областынын Карасуу районундагы окуя президенттик администрация тарабынан уюштурулду деген айыптоосун билдирди:
-Президенттик администрация жетекчилигинин түздөн-түз көзөмөлдүгүнүн негизинде Карасуу базарында мыйзамсыз аракеттер уюштурулду. Райондук милиция, райондук администрация биригишип алып Карасуу базарынын администрациясын ээлеп алышты.
Баяман Эркинбаевден кийин сөз алган депутат Мелис Эшимканов өлкөдөгү баш-аламандык президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков тарабынан уюштурулууда деп, Сыдыковдун өткөн аптада жергиликтүү гезиттердин бирине басылган интервьюсунан үзүндү окуп берди:
-Палата тууралуу Үсөн Сыдыков ушундай жол менен парламентке өткөн 32 депутат дейт, аттарын айтпайт. Бүгүн элге керектүү мыйзам чыгарууну мындай кой, шайлоо бузгандыгы үчүн мыйзам алдында жооп бериш керек дейт. Анан биз таң калып жатабыз Жогорку сотту ким басып жатат, парламентти ким таратып жатат деп. Мунун барына Сыдыков күнөөлүү.
Мелис Эшимканов менен Баяман Эркинбаевдин жогорудагыдай билдирүүлөрүнөн соң депутаттар күн тартибиндеги маселени карабай эле өлкөдөгү кырдаал боюнча өз пикирлерин айта башташты. Депутаттар март ынкылабынан бери аткаруу бийлиги өлкөдө коопсуздукту сактай албай жатат деген пикирлерин айтуу менен парламентке каршы сөз айткан Үсөн Сыдыковду парламентке чакыруу маселесин көтөрүштү:
- Ал бизге тийишип жатабы. Биз башка маселени таштап, Үсөн Сыдыковду бул жакка чакыралык. Ал ким болуп кетиптир. Биз эмне Африкадан шайланыптырбызбы? Ар бирибиздин артыбызда жок эле дегенде миңден болгондо жетимиш миң адам бар.
Ал эми депутат Каныбек Иманалиев өлкөдөгү кырдаалды президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин катышуусунда талкуулап, ага төмөндөгүдөй талаптарды коюну сунуштады:
- Биз ага үч талап койобуз. Биринчиден, Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө макулсузбу, Үсөн Сыдыковду кызматтан бошотосузбу? Үчүнчүдөн, Жогорку соттун имаратын бошотуу талабын койобуз. Ошого макул болсо биз аны колдойбуз. Ал үчүн азыр залдан журналисттерди жана өкмөт мүчөлөрүн чыгарып жиберип, маселени жашыруун талкуулайлык.
Каныбек Иманалиевдин жогорудагыдай сунушу палата төрагасы тарабынан добушка коюлуп, көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Андан соң танапис жарыяланып, депутаттар негедир мурдагы кабыл алган токтомун унутушуп эле отурумду жабык эмес, ачык түрдө улантышты. Түшкү тыныгууга чейин депутаттар сот органдарынын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча аткаруу бийлигинин жасаган аракеттерин талкуулашты.
Бул маселе боюнча депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Медет Керимкулов жана Башкы прокурордун орун басары Ички иштер министринин орун басарлары маалымат беришти. Алардын берген маалыматтары депутаттарды канааттандырган жок. Талкуу соңунда депутаттар аткаруу бийлигинин Жогорку соттун тегерегинде кырдаалды жөнгө салуудагы аракетин канааттандыралык эмес деп табуу тууралуу токтом кабыл алышты.
Ага удаа эле Каныбек Иманалиевдин сунушу менен Карасуу, Жумгал районундагы окуяларга тиешеси бардыгы жана парламентти таратуу аракети үчүн президенттик администрация башысы Үсөн Сыдыковду кызматтан алууну мамлекет башчынын милдетин аткаруучудан өтүнүү тууралуу токтом кабыл алышты.
Ал эми президенттик администрациянын юридика бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов депутаттардын жогорудагыдай аракети Конституцияга каршы келет дейт. Анын айтымыда, Баш мыйзамга ылайык президенттик админстрация башчысы мамлекет башчысы тарабынан дайындалат жана Жогорку Кеңеш мындай токтом кабыл алууга укугу жок.