ДЕПУТАТТЫК ТОП ЧЕГАРАДАГЫ КЫРДААЛДЫ ИЛИКТЕЙ БАШТАДЫ

Сабыр Абдымомунов, Баткен Жогорку Кеңеш апрель айында кыргыз-тажик чегара аймактары боюнча депутаттык комиссия түзгөн. Ага эки өлкөнүн кошуналаш Баткен жана Согди облустарынын чектеш аймактарындагы жер талаш, жерди мыйзамсыз сатуу жана коңшу өлкөнүн тургундары тарабынан жер басып алуу фактылары себеп болгон эле. 8-июнь күнү Баткен облусунун чек ара аймактарындагы жагдай менен таанышуу максатында аталган депутаттык комиссия өз ишин баштады.
8-июндан тарта Баткенде чегара аймактары боюнча депутаттык комиссия иштей баштады. Алардан башка Жогорку Кеңештин төрагасынын орунбасары Болот Шерниязов, транспорт жана байланыш министринин орунбасары Кубанычбек Мамаевтер да кошо учуп келишти. Чыр-чатактуу жерлер аябай көп жана ар бир айыл, ар башка маселени негизги деп ойлошот. Ошондуктан жагдайларды жеринде териштирүү керек, дейт өз сөзүндө депутаттык комиссиянын төрагасы Аскарбек Шадиев:

- Баткен облусунда бүгүн өткөн жыйын чегара маселелерине байланыштуу болду. Андан сырткары социалдык-экономикалык маселелер боюнча биз палатанын алдында материал даярдап, өзүнчө өкмөттүк саат коюйдук. Биздин максатыбыз негизинен жалпы кырдаал менен таанышып чыгып, анан кийин бул маселелерди республикалык деңгээлге көтөрүп, өкмөттүн, президенттин астында министрликтерге жөнөтүү, анан Баткен облусуна жардам берели деп келгенбиз.

Шаршемби күнү кечинде болгон чогулушта, депутаттык топ облустагы жетекчилер менен кеңешип пикир алмашышты. Жогорку Кеңештин төрагасынын орунбасары Болот Шерниязовдун “кыргыз-өзбек чегарасындагы элдин өз күчү менен курулуп жаткан жолдун кереги барбы, же жокпу?”- деген суроосуна Баткен аймагынан шайланган депутат Арзыбек Бурканов мындайча жооп узатты:

- Бүгүнбү, эртеңби планга киргизиш керек. Ал жолду Кыргызстандын ичинен бүтүрүп беришибиз керек. Жол керекби, керек эмеспи деген суроо болбошу керек. Жол дайыма керек. Азыр биз келатканда бизди чегарадан тосуп шылдыңдагыдай кылды. Жөнөкөй элди мындай эле басмырлап коюшат. Басмырланган эл жини келгенде акыры бирөөнү бир чабат.

Депутаттык топ Баткен району менен Өзбекстандын Сох анклавы менен чектеш аймактарында жана Тажикстан менен чектеш Аксай айыл өкмөтүндөгү чыр-чатактуу делген жерлерде болушту. Ошондой эле Тажик атуулдары Кыргызстандын аймагына карай жылып жатат делген Лейлектин чегара аймактарында да болушат. Жыйынтыгында аналитикалык отчет даярдалып, Жогорку Кеңешке сунушталат.

Маалыматтарга караганда, Баткен облусу менен Тажикстандын Согду облусунун ортосунда болжол менен 40ка жакын, облустун Өзбекстан менен чектеш тарабында 10 чакты талаштуу аймак бар.