Орусиянын тышкы иштер министрлиги Грузиянын жана Түштүк Осетиянын ички иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрүн кечикпестен өткөрүү керектигин билдирди. Мындай маселеге грузин-осетин жаңжалына тийешеси бар аймакта абал курчуп кеткени себеп болууда. 6-июнда Цхенвали деген грузин айылынан дагы төрт киши уурдалып кетти.