МУРДАГЫ ПРЕМЬЕР-МИНИСТР КАМАЛАБЫ?

Башкы прокуратура Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Николай Танаевге байланыштуу кылмыш иши козголгондугун жана аны камоо тууралуу санкция берилгендигин жарыялады. Мындай чечимге карата экс-премьер-министр оюн айта элек. Айрым маалыматтарга караганда, Танаев учурда Орусия Федерациясында жүрөт. Бирок анын уулу, «Кыргызкурулуш» ишканасынын жетекчиси Алексей Танаев Башкы прокуратура белгилеп жаткан каражаттын өлчөмүн ашырып айтып жатат деп санап, атасынын күнөөсү бар же жок экенин сот териштирет деген пикирин билдирди.
Башкы прокуратуранын негиздемесине караганда, Николай Танаев премьер-министр болуп турган кезде мамлекеттик каражаттан 40 миллион сомду өзүнүн баласы жетектеген «Кыргызкурулуш» ишканасынын эсебине мыйзамсыз которгон. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров буга байланышкан пикирин 6-июнда жарыялады:

- 40 миллион мамлекеттик акчаны башка объектилерден алып, өзүнүн баласы жетектеген фирма аркылуу котортуп ийген экен. Мыйзамды бузуп атат. Пенсия-пособиени өзүнүн токтому менен башка жакка которуп атат. Бирок өкмөттүн токтому коллегиалдуу алыныш керек да. Карап көрсөк коллегиалдуу алынган эмес. Өзү эле кол коюп койгон.

Башкы прокурордун билдиргенине караганда, ушул факт боюнча экс-премьер- министрди камоого 30-майда санкция берилген. Бирок анын уулу Алексей Танаевдин билдирүүсүндө ал жетектеген ишканага каражат мыйзам чегинде которулган жана анын өлчөмү Башкы прокуратура келтирген эспетен алда канча аз:

- Бюджеттен бардыгын бириктиргенде 4 миллион 810 миңден ашыгыраак каражат сарпталган.

Алексей Танаевдин негиздемесине караганда, бул каражатты аталган фирмага өкмөт Бишкекте административдик-ишкер-маданий борбордун пайдубалын түптөө максатында эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин фондунан которгон.

Буга байланышкан тиешелүү документтердин бардыгы бар, дейт Алексей Танаев. Анын айтымында, бийик даражалуу расмий конокторду кабыл алуу максатын көздөгөн өкмөттүн бул долбоору Николай Танаев өкмөт башчы боло электе эле бар болчу жана анын алгачкы этабын ишке ашыруу милдетин «Кыргызкурулуш» тендердин негизинде өзүнө алган. Бирок мындан фирма пайда тапмак тургай, тескерисинче, 4 миллион сом чыгашага учураган.

Ошондуктан, Алексей Танаев атасына байланыштуу козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт:

- Иш козголуштун өзү кимдир бирөөнүн күнөөсү бар дегенди билдирбейт. Себеби бардыгын сот, сот чечими орду-ордуна коет.

Алексей Танаевдин мындай пикирине кандайдыр бир деңгээлде кошулаарын, бирок Николай Танаевге байланышкан факт боюнча кылмыш иши бекеринен козголбогондугун Башкы прокурор Азимбек Бекназаров төмөнкүчө белгиледи:

- Аны тергөө жыйынтыктайт. Негизсиз деп айтат да. Кайсы күнөөкөр эле негиздүү деп айтсын. Бардыгы сотко барганда деле күнөөсүн мойнуна албай барат да. Алардын укугу. Биз негиз барынан кылмыш жообуна тартып атабыз.

«Экс-премьер министрге байланыштуу кылмыш ишинин козголушу жана аны уулунун жактап чыгышы Кыргызстанда үй-бүлөлүк коррупциянын күчөп кетишин далидеген дагы бир факт болуп калды» деп билдирди «Атуулдук коом коррупцияга каршы» коомдук уюмунун төрайымы, Акаевге жана анын жакындарына таандык мүлктөрдү териштирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Төлөкан Исмаилова:

- Кандайдыр бир эгемендүү институт эмес, баласы атасынын ишин жактоосу муну көрсөтүп атат. Болбосо ошол эле Акаевдин тагдырын ошол эле Бермет Акаева же болбосо анын туугандары жактап атат да. Бу дагы далил: Кыргызстанда чын эле үй-бүлөлүк коррупция орноп, үй-бүлө гана бири-бирин жактаганга муктаждыгы болуп атат.

Төлөкан Исмаилованын пикиринде, Николай Танаевге байланышкан коррупциялык иштерди Башкы прокуратура ачыктаган бир факт менен эле чектөө чындыкка коошпой калат. Бул багытта мамлекеттик комиссия да бир катар иштерди иликтеп жатат.

Николай Танаев премьер-министрликке Аксы окуясынан кийин дайындалган. Бир эле учурда ал Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңешти башкарып келген. Бул кеңеш коррупцияга каршы күрөшүү милдетин өзүнө алган. Март ыңкылабынын алдында ал өкмөт башчылыктан өз каалоосу менен баш тарткан.

Уулу Алексейдин билдиргенине караганда, экс-премьер-министр учурда Орусияда, Кыргызстанга президенттик шайлоодон кийин кайтып келүүнү болжоп жатат.