Конституциялык кеңешме Кыргызстандын Баш мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча шаршемби күнү бүтүм чыгарып, элдин талкуусуна сунуштамакчы. Ал эми 7-июндагы отурумунда кеңешме долбоорун негизинен жактырды. Бирок бул долбоор элдик курултай түзүү тууралуу сунушту камтыган жок. Буга нааразы тараптар отурумдун учурунда Жогорку Кеңештин алдына пикет уюштурушту
Конституциялык кеңешме бул күнкү отурумунда ишин мурдагыларга салыштырмалуу ыкчам жана жыйнактуу жүргүздү. Буга Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболовдун сунушу негиз берди:
- Конституциялык реформага президенттикке талапкерлер өз ойлорун айтсын деп, биз шайлоого чейин макулдашылган бир долбоорду иштеп чыгууну абдан кааладык эле. Бул өтө маанилүү. Бүгүн болсо мезгил Конституциялык реформанын кызыкчылыгына төп келбей жаткандыктан, Конституциялык реформа болобу же болбойбу деген маселе көтөрүлүп атат. Эгер биз ушунтип майдалап отурсак, Конституциялык реформаны ишке ашырууга берилген тарыхый мүмкүнчүлүктү жоготуп алабыз.
Март ыңкылабынан кийин түзүлгөн Конституциялык кеңешме алгачкы отурумдарында Баш мыйзамдын долбоорун 15-июнга чейин иштеп чыгып, президенттикке талапкерлерге сунуштоону макулдашкан. Ушуну эске алган Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова да депутат Байболовдун сунушун колдоо менен, долбоорду негизинен кабыл алып, элдин талкуусуна коюп, андан кийин беренелер боюнча талкуулап туруп, парламентке берүүнү сунуш кылды:
- Жалпысынан колдосок, анан жарыяга берсек. Эл да катышсын.
Ушундай демилгелерди колдогон төрага Өмүрбек Текебаев башкарган бул отурумда Конституциялык кенешме жумушчу топ иштеп чыгып, сунуш кылган Конституциянын жаңы долбоорун негизинен жактырды. Негизги талаш президенттин иш мөөнөтүнө байланыштуу болуп, үч түрдүү сунуш айтылды.
Алардын бирин биринчи вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловго шилтеме берип, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев сунуштады:
- Башка мамлекеттер сыяктуу эле эки мөөнөт кылалы. Европа мамлекеттеринде ушундай. Анан экинчи мөөнөткө бара турган болсо административдик ресурсту пайдаланбас үчүн кызматын өткөрүп берсин.
Нарынбаевдин айтымында, өнүккөн көптөгөн өлкөлөрдө мындай тажрыйба жокко эсе. Бирок бул сунуш да, төрт жылдан эки ирет шайлоо, жети жылдан бир ирет шайлоо сунуштары да өткөн жок. Кеңешмеде жумушчу топ сунуштаган президенттикке беш жылдык мөөнөт менен бир ирет шайлоо жобосу көпчүлүк добушка ээ болду. Мындан тышкары кыргыз тилин билген, өлкөдө жалпысынан 15 жыл жашаган 35 жаштан 65 жашка чейинки атуул президенттикке шайланаары, жергиликтүү мамлекеттик жетекчилерди кызматка коердо жана бошотоордо өкмөт башчы президенттин макулдугу менен парламентке сунуштаары тууралуу жоболор да талаш-тартыш жаратты.
Президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акундун сунушу да Конституциялык кеңешме отурумунун көңүлүн бурган маселелердин бири болду. Укук коргоочу Конституцияга элдик курултай структурасын киргизүүнү сунуштоодо. Ага ылайык курултайга элдин 700 өкүлү кирип, ал жылына бир чогулуп, парламенттин, президенттин отчетун угат. Бирок демилгени жумушчу топ колдогон эмес. Ошондуктан, укук коргоочу бул сунушту кайрадан кеңешмеге жолдогон. Демилгеге тилектеш жоон топ адам бул күнү талкуу өтүп жаткан Жогорку Кеңештин имаратына келип, пикет өткөрүштү.
Кеңешме башталаар алдында пикетчилер менен жолугушуу учурунда укук коргоочу мындай пикирин билдирген:
- Конституциялык кеңешме кабыл алса жакшы. Конституциялык кеңешме кабыл албаса биз жалпы элдик талкуу аркылуу кабыл алдыралы деп атабыз. Анда кеңешмеде Конституциянын кабыл алынышына биз каршы чыгабыз. Жогорку Кеңеште кабыл алынышына каршы чыгабыз.
Бирок Конституциялык кеңешме бул сунушту колдогон жок. Демилгени колдоп отурумга катышкан 67 өкүлдүн 12си добуш берди.
Конституциялык кеңешменин тутумунда парламенттен, өкмөттөн, саясий партиялардан, жарандык коомдон куралган 114 мүчөсү бар. Апрель айынан бери бул уюм 14 отурум өткөрдү.