Президенттик шайлоо жакындоодо. Калктын жаңы бийликтен күткөнү эски системаны уратып, жаңысын орнотуу. Азырынча андай батыл кадам жасала элек. Ал арада алыста жүргөн экс-президент адвокаттарын Бишкекке жөнөтүп, эски менен жаңынын саясий тиреши күчөп баратат.
Кыргызстандагы бийликтин алмашуусу А.Акаев качып кеткени үчүн гана элдик ыңкылап атын алды. Жаңы бийликтин башына келген К.Бакиев тартынбай эле акаевдик системаны талкаласа болмок. Калк аны жапырт колдомок, деп жазат Р.Жанбалаев «Ой! Баягылар эле!» деген «Трибуна» гезитиндеги макаласында.
Бир караган кишиге Өзбекстандын Карасуу шаарында баары тынч, бейгам тургандай сезилери бышык, деп кабарлайт В.Назаров. Журналисттин ырасташынча, болгону аскерий техникалардын арбындыгы, милиция менен аскер, коопсуздук кызматкерлеринин көптүгү болбосо бу шаарда мамлекеттик бийлик 6 күн элдин колунда болду деп айтыш кыйын.
Шаардыктар Анжиянда эл көтөрүлгөндөн кийин козголушкан. Алардын башында тургандар камакка алынып, Карасууга аскер киргизилген. Калктын маанайы басыңкы, аркыл миш-миштердин күнү тууп, камоо, кысымга алуулар токтоло элек.
Президенттикке талапкерлердин катары суйдаң тартууда. Мамлекеттик тил сынагынан өткөн эки талапкер У.Барктабасаов менен Т.Үмөталиева 13-июндан тарта үгүт жүргүзүүгө акылуу. Ал эми А.Сатыбаев менен Н.Нышановдун маселеси кол топтоо түйшүгүнө жетип чечилет окшоп калды, деп маалымдайт шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити. Кийинки экөөнөн А.Сатыбаев жетиштүү кол топтой албаса, Н.Нышанов БШКга бир да барак тапшырган жок.
Бишкектеги жайнаган көрнөк-жарнактардын текши баары мурда көбүнесе орус тилинде жазылчу. Кыйладан бери башкалаада илинип турган 1500ге чукул көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тилге көчүрүү, отузга жакын көрнөк-жарнак агенттиктеринин ишин ыраатка салуу аракети көрүлүп келатканы шейшембидеги «Эркинтоо» гезитинин кереге кеңешинде талкууланган.
Ушул эле гезитте таланып-тонолгон Бишкектеги мамлекеттик цирктин азыркы ит ыйларлык абалы тууралуу Г.Абыкееванын «Тонолгон цирктин «тону» кайда?» деген макаласы жарыяланган. Эгемендик тушунда таланып-тонолгон циркти калыбына келтирүү оңбогондой оорчулукка турууда.
Шейшемби күнкү «Кыргыз туусу» гезитинде Бакай Чилтегиндин «Акаевдин кезектеги шантаждары» деген макаласы жарыяланды. А.Акаевдин Москвадан келген адвокаты «курулай опузага» салып, экс-президент болсо орустун бир кыштагына «бекинип алып кыргызстандыктарга карата ар кандай шантаждарды жасоодо», деп жазат автор.
«Акаевчиликтин айласы кетүүдө. Ушунун өзү коркунучтуу», деп жазат шейшембидеги МСН» гезитинде Л.Жолмухамедова. Автордун ырасташынча, Акаевге тийиштүү мүлктү иликтеп жаткан өкмөттүк комиссия жетекчиси Д.Үсөновдү жаманатты кылуу аракети башталды. Непадам, бул аракет ишке ашып кетсе экс-президентке тиешелүү дүйнө-мүлктүн дарек-дайны билинбей, Акаевди убагында жандап жүргөндөрдүн бүдөмүк иштери ачылбай калмак.
Гезитте белгилүү окумуштуу, ишкер Жоомарт Оторбаевдин маегине да орун берилген. Ж.Оторбаевдин пикири боюнча, Кыргызстанда ишкерлик коом турмушунда кадимкидей орун алып калды. 24-марттагы окуялардан кийин, көптөгөн дүкөн, ишканалар тонолгондон кийин деле өлкөнүн экономикалык турмушу баштагы ыраатынан жанган жок. Тескерисинче, бизнес аркыл шарт-жагдайга жараша кылдат өзгөрүлө тургандыгын далилдеди.
Басылмада Коопсуздук кеңеш жыйынында кеп болгон «Бийлик бир адамдын колуна берилбесин» материалдар топтомуна орун берилген. Жетекчилик тажрыйбага чукак, өзүнүн позициясы жок ээрчиме адамдын мамлекет башында 15 жыл турушунун салакасын жалпы эл тартууда.