ООГАНСТАН: ПАРЛАМЕНТКЕ УМТУЛГАНДАРДЫН ТИЗМЕСИ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Ооганстанда сентябрь айында өтө турган парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмеси жарыяланды. Каттоодон өткөн талапкерлердин катарында президенттик шайлоодо маарага экинчи болуп келген, мурдагы билим берүү министри Юсуф Канони, Хазар улуттук азчылыгынын саясий жетекчиси Махамад Мохакик да бар. Ошондой эле парламенттик шайлоодо Ооганстандагы мурдагы президенти, этник тажик Бурханиддин Раббани ат салышмак болуп жатат. Каттоодо ошондой эле Талибан бийлигинин тышкы иштер министри болуп турган Вакил Ахмад Мутавакаил да бар. Сентябрда парламенттик шайлоо менен катар эле муниципалдык шайлоо да өткөрүлөт.
Ооган праламентине ат салыша тургандардын тизмесинде баары болуп 2800 кишинин, ал эми жергиликтүү бийлик органдардына жарыша турган адамдардын тизмесинде 3000 ысым аталган. Талапкерлердин акыркы тизмеси талаш маселелер жөнгө салынган соң, ушул айдын соңунда жарыяланат.

Ооганстандын шайлоо мыйзамдары боюнча, кылмыш кылбаган, куралдуу топтор менен байланышы жок ар бир адам парламентке же жергиликтүү бийлик органдарына шайлана алат. Мыйзамсыз куралдуу топтордун катарына талибан согушкер топтору менен бак талашкан жергиликтүү топтор киргизилген. Ооганстандын борбордук өкмөтүндө жооптуу кызматтарда иштеген адамдар парламенттик шайлоого ат салышуу үчүн кызматынан кетүүгө тийиш. Азыр жарыяланган тизмеге нааразы болгон инсандардын арыздары беш кишиден түзүлгөн атайын комиссия тарабынан үч жуманын ичинде каралып, андагы маселелер жөнгө салыныш керек.

Ооганстан менен Бириккен Улуттар уюмунун биргелешкен шайлоо комиссиясынын башчысы Бисмилла Бисмилл бул жөнүндө буларды айтты:

-Берилген убакыт арыздарды карап чыгуу үчүн толук жетиштүү го дейм. Ооганстандын Улуттук Ассамблеясына ат салыша турган талапкерлердин акыркы тизмесин аныктоо үчүн үч жумадан ашык убакыт берилди.

Шайлоо өнөктүгүндө орун алган талаш маселелерди жөнгө салуу вазыйпасы жүктөлгөн беш кишиден турган атайын комиссиянын мүчөлөрүнүн үчөө -Улуттар уюмунун өкүлдөрү. Анын катарында, коммиссиянын башчысы, канадалык жаран Грант Киппен да бар. Комиссиянын бир мүчөсү- Ооганстандын Көз Каранды эмес Укук коргоо комиссиясынын өкүлү, бирөө -Ооган Жогорку сотунун мүчөсү.

Грант Киппен ал жетектеген комиссия шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө мыйзам бузгандарга санкция колдонууга укуктуу экенин баяндайт:

- Биз санкция колдонуу укугуна ээбиз. Санкциялар ар түрдүү болушу ыктымал, мисалы, биз мыйзам бузган тарапты 100 миң афганиге чейинки суммага айыпка жыгып, шайлоо бюллетендерин кайра санап чыгууга жэ добуш берүүнү кайталап өткөрүүгө көрсөтмө бере алабыз. Жэ болбосо талапкерди тизмеден алып салуубуз да ыктымал. Ошондой эле биздин комиссия кайсы бир адамга шайлоо комиссиясында иштегенге тыйуу салышы мүмкүн.

Талапекерлердин тизмесинде аталган эң белгилүү инсандардын бири, улуту боюнча тажик, мурдагы билим берүү министри - Юсуф Канони да бар. Ал өткөн октябрдагы президенттик шайлоодо шайлоочулардын Хамид Карзайдан кийинки эле кеңири колдоосуна ээ болгон. Азыркы шайлоо өнөктүгүндө Канони 12 партиядан турган альянс түзүп, парламентте Карзайга каршы күчтүү оппозиция түзүүгө ниеттүү экенин билдирди.

Парламенттин депутаттыгына талапкерлердин арасында өлкөнүн мурдагы президенти Бурханиддин Раббани да бар. Улуту тажик Раббани "Жамия-И-Исламия" деген консервативдүү диний көз караштагы партиянын башчысы. "Жамия-и-Исламия" узак убакыт бою Панжир өрөөнүн ээлеген аскердик командачы, маркум Ахмад Шах Массуддун Түндүк Альянсынын саясий канаты болучу.

Талапкерлердин арасында ошондой эле Талибан режимине каршы күрөшкөн пуштун Абдул Рабб Расул Саяф жана Талибан өкмөтүндө тышкы иштер министр болгон Вакил Ахмад Мутавакил да бар.