ЮНЕСКОдо КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫ ЗОР КЫЗЫГУУ ЖАРАТТЫ

24-майдан 1-июнга чейин ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасында “Маданий көп түрдүүлүк жана Борбор Азия диалогу” деген форум өттү. Ага онго жакын мамлекеттердин делегациясы жана кыркка жакын өлкөлөрдүн ырасмий өкүлдөрү катышты. Алардын катарында 25 кыргызстандык да бар. Форумда кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн, уздарынын улуттук маданиятты чагылдырган кийимдери, жасаган буюмдары жогору бааланды.
Форумдун алкагында «Борбор Азия: маданият жана цивилизациялар айкалышында» деген тегерек үстөл өткөрүлүп, маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү багытындагы маселелер каралды. ЮНЕСКОнун Баш директору Коитиро Мацуура форумдун ачылышында кыргыз чепкенин кийип чыгып, мунусу менен Кыргызстанга болгон урматын көргөзгөн.

Ал 24-марттагы окуядан кийин Кыргызстандын тагдырына бушайман болгондугун, акыркы бир ай аралыгындагы окуяларды дыкат анализдеп чыкканын билдирген.

ЮНЕСКОнун маданий дөөлөттөр бөлүмүнүн жетекчиси Селенг Мезан кыргыз элинин көөнөрбөс өнөрлөрү - манасчылык, айтыш, дастанчылык, комуз чертүүнү сактоо жана колдоо максатында 100 миң АКШ долларын грант катарында бөлөөрүн билдирген.

Бул тууралуу Маданиятты өнүктүрүү комиссиясынын төрагасы Султан Раев буларга токтолду.

- Баш директор Коитиро Мацуура Кыргызстанга болгон жакшы көрүү сезимин жашырган жок. Ал убактысынын тардыгына карабай мени кабыл алып, узакка сүйлөшүп отурдук. Ал эми маданий дөөлөттөр боюнча бөлүмдүн жетекчиси Селенг Мезан мырза менен жолугушканымда ал улуттук өнөрдү өнүктүрүү багытында 100 миң АКШ доллар каражатын беришээрин билдирди. Ошондой эле эстеликтер бөлүмүнүн башчысы Френсис Чайл менен жолугушуп Кызылсуудагы Навикат шаарчасы боюнча сүйлөшүп, келишимге келиштик.

Ошондой эле ЮНЕСКО Кыргызстанга 2010-жылга чейин 2,5 млн. АКШ долларын бөлмөк болду. Ал акча Кызылсууга жакын жерде табылган байыркы Навикат шаарчасында археологиялык казууларды уюштуруу жана музей түзүү үчүн жумшалат. Навикат шаарчасы Кыргызстандын аймагында быйыркы элдердин буддизм менен байланышы бар экендигинен кабар берет.

ЮНЕСКОдо фольклордук-этнографиялык «Ордо-Сахна» ансамбли концерттик программа тартуулап, улуттук музыкалык аспаптардын үлгүлөрүндө аткарылган музыкалык чыгармалар фестивалдын катышуучуларынын зор кызыгуусун туудурган.

Аталган ансамблдин жетекчиси Чолпон Жапарова буларга токтолду:

- Биздин концерттик программабызды абдан жакшы кабыл алышты. Өзгөчө жыгач ооз комуз менен аткарылган чыгарма, “Манас” эпосунан үзүндү чет элдиктердин бүйүрүн кызытты. “Маш ботойду” комузда кол ойнотуп ансамбль менен черткенде көрүүчүлөр тура калып кол чабышты.

Ал эми ЮНЕСКО боюнча улуттук комиссиянын катчысы Адаш Токтосунова бул иш чарага катышууга материалдык жана моралдык жактан Кыргызстандын өкмөтү, депутаттар, ишкерлер колдоого албагандыгына нааразы болгондугун жашырган жок:

- Мен ЮНЕСКОнун фестивалына баруу үчүн каражаттан жардам берүүсүн өтүнүп өкмөткө, депутаттарга, ишкерлерге кайрылып кат жолдодум. Андан соң ар бири менен жолугуп жардам бериңиздер дедим. Жардам беришмек түгүл эч кимиси кызыгып да коюшкан жок. Эл шайлаган депутаттар элдин келечегине, маданиятына, каада-салтына, өнөрүнө баа бербегенден кийин эмнеси депутат. Бардык чыгымдарбызды ЮНЕСКО өзү көтөрдү. Эмне кыргыз маданияты Мацуурого, чет элдиктерге эле керек болуп, кыргыздын атка минерлерине кереги жок болуп калыптырбы? Кыргыз улуттук маданиятын, тарыхый көөнөрбөс мурастарын сактоого ЮНЕСКО ушунчалык аракет жасоодо. Ал эми биздин чиновниктер буга кайдыгер мамиле кылганын көрүп алып, абдан ызаландым.

ЮНЕСКОнун Баш директору Коитиро Мацуура Ош шаарындагы Сулайман тоо тарыхый эстелик комплексин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесине киргизүү аракетин колдогон. Ошондой эле Ысыккөл табигый ландшафт катары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесине кирүүгө толук татыктуу деп баалаган. Буга байланыштуу бардык документтерди тез аранын ичинде жасап берүүнү кыргыз өкмөтүнөн суранган.