ЖАЛАЛАБАТ. Өзбекстандык качкындар көчүрүлгөн жайга 7-июнга чейин эч ким киргизилбейт жана алар тууралуу маалымат берилбейт. Бозгундар лагерине 7-июндан кийин кирүүгө атайын тизмеге кошулган журналисттер гана укуктуу. Мындай маалымат 6-июнда качкындар маселесин тейлеген облбийликтин укук коргоо жана коопсуздук маселеси боюнча бөлүм башчысы Кадыр Бечеловдон алынды. Ишенимдүү булактан алынган маалыматка караганда, Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн Бешкепе участкасындагы лагерде өз ыктыяры менен мекенине кайткан 16 адамдан кийин 466 киши, же 370 эркек, 77 аял, 19 өспүрүм Өзбекстандан кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча айыпталып түрмөдөн чыккан 12 адам калды, 9 бала ооруканада, 460 кишиге миграциялык карта берилген, жыйырма жети өспүрүм менен ооруканадагы сегиз кишиге ал карта берилбей калган, лагерге 39 чатыр тигилген.