Президенттин милдетин аткаруучу айрым өкмөт мүчөлөрүн бекитүүнү парламентке сунуштады

БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин 6-июндагы отурумуна келип, депутаттардан Азимбек Бекназаровдун талапкердигин Башкы прокурордук кызматка, ал эми Мурат Саралиновду Кыргызстандын эсептөө палатасына дайындоого макулдук берүүнү өтүндү. Натыйжада депутаттар менен Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун ортосунда суроо жооп улантылды. Суроо берүүгө бир нече депутат жазылгандыктан маселени кароо шейшемби күнгө жылдырылды.