БИШКЕК. Израилдин ыйгарым укуктуу элчиси Михаил Лотемди Бишкекте Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов менен вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова кабыл алды. Бул жолугушууларда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө маселелелери талкууланды. Кулов өз сөзүндө Кыргызстан Израил менен түзүлгөн мурдагы макулдашууларды толугу менен сактай тургандыгын билдирди. Эки өлкө ортосунда мындай документтерден эки өкмөттүн, тышкы иштер министрликтеринин Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдары бар. Элчи жолугушууда Израил эки долбоор сунуштап жатканын билдирди. Алардын бири – оорукана курууга байланышкан долбоор.