Казак премьер-министри Даниял Ахметов бүгүн Грузиянын Батуми портуна келди:
- Бул жерден биз Боспор менен Дарданелл кысыктары аркылуу экспортубузду кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ боло алабыз, алыскы максаттарды эске алганда, бул биз үчүн өтө маанилүү. Эгер бизге андай мүмкүнчүлүк берилсе жана Грузиянын өзүнө андан пайда түшсө, албетте, биз инвестиция жасайбыз, - деди Ахметов грузиялык журналисттерге.
25-май күнү ишке киргизилген Бакы-Жейхан мунай кууру Грузиянын аймагы аркылуу өтөт жана Казакстан азыр андан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн караштырууда. Эгер пайдаланса, ал куур аркылуу жыл сайын 30 миллион тонна казак мунайы өтүшү мүмкүн.