Өзбек бозгундары башка жайга көчүрүлдү

БИШКЕК. 4-июнда Жалалабад облусунун Сузак районундагы Бараш айылындагы 500 өзбек бозгуну Жалалабадга 19 чакырым жакын Бешкаптын аймагына көчүрүлүп келди. Мындай маалыматты “АКИ-пресс” агенттигинин түштүк аймагындагы бөлүмү таратты.

13-майда Өзбекстандын Анжиан шаарындагы кандуу окуядан 500дөн ашуун өзбек жараны Жалалабад облусунун Бараш айылынын аймагына качып келип, качкындар лагерине жайгаштырылган.