Ирак полициясы маалымдагандай Мосулда бомба катылган эки мотацикл жарылганда беш киши мүрт кетти. Калган чабуулдар түндүктөгү Киркук шаарында, Киркукка коңшулаш Юз Хурматуда жана Багдаддан түндүк-чыгыштагы Бакуба шаарында орун алды. Курмандыктардын арасында карапайым кишилер жана жаш балдар бар.