Март ыңкылабында тонолгон нааразы ишкерлер Өкмөт үйүнө келишти

БИШКЕК. 24-25-марттагы талап-тоноолордо жабыр тарткандардын материалдык чыгымдарын төлөп берүү иши келерки жумада башталат. Бул тууралуу Бишкек шаардык каржы башкармалыгынын башчысы, өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Нышанов Абдували өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыккан ишкерлер менен жолугушуу учурунда билдирди. Бишкектин соода борборлорундагы товарларын тоноткон соодагерлер өкмөттүк комиссиядан берген убадасын аткарсын деп талап кылышты. Алардын айтымында, өкмөт материалдык чыгымдарды майдан тарта төлөөнү убада кылган. Абдували Нышановдун айтымында, талап-тоноолордон жабыркагандар үчүн өкмөт 15 миллион сом, АКШ ЮСАИД аркылуу 700 миң доллар, Орусиянын Кемеров облусунан 300 миң рубль, Бишкек мэриясы 630 миң сом бөлүп жатат. Тартип коргоо кызматынын болжолдуу эсеби боюнча соода борборлорунда иштеген ишкерлер 1,5 миллиард сомго жакын чыгымга учурашкан. Мындай маалыматты ушул эле күнү кечинде өткөн маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов бышыктады.