Кыргыз тарыхы менен маалымдоо каражаттарында Энесай менен Енисей терминдери бирдей маанидеги сөз катары кең кесири колдонулуп келет. Анткен менен биз көнгөн Энесай аталышына илимде башкача баа берилип, анын мааниси бөлөкчө түшүндүрүлөт.
Кыргыз элинин тарыхы боюнча маалымдоо билиги жана билими совет мезгилинде калыптанганы акыйкат көрүнүш. Тарых китептери менен бирге илимий изилдөөлөр байма-бай жүргүзүлүп, кыргыз элинин тек насилине байланышкан маалыматтар белгилүү боло баштады. Мына ошондой даректердин бири асыресе Енисей аталышына байланышкан. Кыргыз элинин тарыхында Енисей этабы маанилүү роль ойнойт эмеспи. Азыркы тарых түшүнүгү боюнча, алар орто кылымдын башталыш мезгилинде Түштүк Сибирде кубаттуу мамлекет курган жана ал орус тилдүү адабиятта “Енисейский кыргызский каганат” жана кыргыз тилдүү гезит, журналдарда “Энесай кыргыз каганаты” деп айтылып да, жазылып да жүрөт. Мындай терминдик айырмачылыктын бир караганда анчалык маанисиз көрүнгөнү менен анын кыргыз тарыхынын мазмунун өзгөрткүдөй көмүскө таасири бар экендигин белгилөө зарыл.
Енисей термининин маанисин түшүнүш үчүн ал аталыштын кыргыз элинин тарыхый эс тутумунда сакталыш жагдайын тактап алган оң. Кыргыз элинин тарыхы жана маданияты боюнча энциклопедиялык маалыматты камтыган “Манас” дастанында Энесай аталышы такыр эле учурабаганы кызык.
Чыгармачылык чабыты 20-кылымдын башталыш мезгилинде туш келген Тоголок Молдонун санжырасында Энесай аталышынын келип чыгышы боюнча мындай айтылат: “Илгери өткөн заманда Сейне деген кадырман байбиче жашаган экен. Анын көп сандаган балдары да энесиндей турмуштан орун табышып, энесинин кадыр-баркын арттырышат. Балдар жасаган жакшы ишти бардыгы энесине ыроолонуп, кимдин балдары – Сейне эненин балдары, кимдин малы – Сейненин эненин малы, кимдин жери – Сейненин жери деп айтылып отуруп ал жер кийин Энесай аталган имиш.
Илимдер Академиясында сакталып турган Сабыр Жумабаевдин санжырасында, кыргыздар Чынгыз хандын убагына чейин Энесай өрөөнүндө жашап турган деп айтылат.
Бирок ал санжыралык даректерден нукура тарыхты чагылдырган тамырды жана орус адабиятынан алынган “китеп таасирин” тактоо мүмкүн эмес.
Ал эми айрым илимпоздордун пикирине ылайык, Енисей аталышы – евенк элинин енэ (йэне) – чоң, көлөмдүү жана сес-дарыя деген сөздөрүнөн Енэсесь деп айтылып, ал орус тилине Енисей катары кирген.
Түштүк Сибирде жашаган жергиликтүү элдин уламышында болсо, Енисей дарыясынын жаралышы мындайча кабарланат: “Илгери бир заманда жашаган зыкым шаман Саян тоосунан аккан сууну бууп, ал көлдү Енисей деп атаган. Булак, өзөндөрдөн суу согулуп, Енисейдин каруусу ашып, акыры шаманга баш ийбей тоону жарып, өрөөнгө агып түшкөн. Ошондон бери Енисей эч кимге моюн сунбай буркан-шаркандап агып келет экен”.