Ооганстандын түрмөлөрүнөн 53 козголоңчу бошотулду

Бул жөнүндө АКШнын Ооганстандагы аскерий өкүлдөрү маалымдашты. “Алар ооган элине, коалиция жоокерлерине эч кандай коркунуч туудурбай тургандыгы аныкталгандан кийин кое берилди”, - деди америкалык армиянын басма сөз катчысы Жэймс Йонтс. Мындан ары да Кандагар менен Баграмдагы базаларда кармалган кооптуу эмес козголоңчулар улам боштулуп турмакчы.

Ушу тапта АКШнын Ооганстандагы аскерий абактарында 400гө жакын киши отурат.