НАРЫН. Мындай маалыматты Орток айыл өкмөтүнүн башчысы Темирбек Мамбетов 1-июнь күнү “Азаттыкка” билдирди. Башчынын айтымында 17-майдан 21-майга чейин мезгил-мезгили менен жааган жаан эки жолу карга айланып, натыйжада айыл өкмөттүн аймагына 10 сантиметрден кем эмес кар түшкөн. Бул күндөрдө абанын температурасы түнкүсүн эки градуска чейин төмөндөгөн. Айыл өкмөттүн дыйкан фермерлери үстүбүздөгү жылы 300 гектарга дан эгин айдашса, анын болжолу 160 гектары үшүккө чалдыкты, дейт Темирбек Мамбетов. Бирок мындай пикирге Нарын райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Нарын Бегалиев макул эмес. Ал 160 гектарды ашыра айтылган сөз деп эсептейт жана үшүккө чалдыккан эгин аянттардын сан өлчөмүн атайын тутум аныктама берет, деп билдирди.