НАТОнун башчысы Анжиян окуяларын тыкан иликтеп чыгууну талап кылды

НАТО уюму бүгүн Брюссел шаарынан атайын билдирүү жасап, Маскөө өзүнүн эки аскерий базасын Грузиядан чыгарып кетүүгө макул болгонун кубаттады. Базалар 2008-жылдын аягына чейин көчүрүлөт деп Маскөөдө Грузия менен Орусиянын тышкы иштер министрлери макулдашты. Кансыз согуш аяктагандан кийин Европалагы кадыресе куралдардын санын чектөө боюнча келишим түзүлгөн жана анын алкагында Маскөө 1999-жылы Ыстамбулда өткөн жыйында ал базаларды чыгарып кетүүгө убада берген, бирок алты жыл бою аны аткарбай келген.