Таиланддын борбору Бангкок шаарында бүгүн сулуулардын дүйнөлүк мелдешинин финалы өткөрүлүп, анда Орусияда туулган, бирок Канаданын жараны Наталия Глебова жеңип чыкты. Жыйырма үч жаштагы Глебова ата-энеси менен Канадага мындан 11 жыл мурда көчүп барган. Мелдеш элүү төртүнчү жолу өткөрүлдү жана финалга быйыл Венесуэла, Доминика, Канада, Мексика менен Пуэрто-Риконун сулуулары чыккан.