БИШКЕК. 31-майда экс-президент Аскар Акаевдин өкүлү, «Кыргызстандын элинин ар–намысын жана абийирин коргоо комитети» коомдук бирикмесинин төрагасы Акин Токталиев Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна арыз берди. Арызында Акаевдин үй, мүлкүн иликтеп жаткан мамлекеттик комиссияга өзүн экс-президенттин өкүлү катары кошууга жана адвокаттык милдетин аткаруусуна бөгөт болуп жаткан тоскоолдуктарды жоюуга президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен комиссия төрагасы Данияр Үсөновду милдеттендирүүнү талап кылды. Акин Токталиевдин арызында көрсөткөнүнө караганда, буга мамлекеттик комиссияга өзүн өкүл катары кошуу жөнүндөгү катына Бакиев менен Үсөновдун жооп бербегендиги жана Данияр Үсөновдун Акаевдин үй, мүлкү боюнча түзүлгөн тизме менен расмий өкүл катары тааныштырбай жаткандыгы түрткү болду. Ал эми Данияр Үсөнов мамлекеттик комиссия атайын жардык менен түзүлгөндүктөн каалаган адамдарды киргизе берүү мүмкүн эмес экендигин расмий түрдө билдирген болчу.