Кубанычбек Жолдошев, Ош 31-май күнү жүзгө жакын адам Ош облустук акимчилигинин имаратын басып алууга аракет жасашты. Алардын көпчүлүгү Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыковдун кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Бир канча убакыт өткөндөн кийин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында имаратка кирүүгө аракеттенген адамдардын тобу тарап кетишти. Айрым жергиликтүү талдоочулар чыр чыгарууга аракеттенген адамдардын бул тобун атайын даярдалган болушу мүмкүн деп болжолдошууда.
Түшкү саат он экилерге жакын өздөрүн Карасуу районунун ар кайсы айыл өкмөттөрүнөн келдик деп тааныштырышкан адамдардын тобу Ош облустук акимчилигинин имаратына кирип барышып, имаратты ээлеп алууга аракет кылышты. Өздөрүн Шакиров Турдубек жана Мубарак Алимова деп тааныштырышкан жогоруда аталган топтун лидерлери губернатордун милдетин аткаруучу Анвар Артыковдун кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышкандыгынын себебин төмөндөгүчө түшүндүрүштү:
- Талабыбыз Анвар Артыков иштен кетсин. Себеби бул Өзбекстандан келген гуманитардык жардамдын бардыгын өзүнө караштуу адамдарга берди, бир дагы кембагал адам алган жок. Эми башы ушундай башталгандан кийин бул адам дагы жаман иштерди кылышы мүмкүн.
Ал эми өзүн Аман Караев деп тааныштырган жаш жигит облусту жетектөөгө Анвар Артыков татыксыз, анын ордуна эл депутаты Баяман Эркинбаевдин губернатор болушун талап кылабыз деген пикирин мындайча билдирди:
- Анвар Артыковду иш ордунан бошотуп, ордуна татыктуу адам бар экен ошону койгубуз келди. Адамдар Баяман Эркинбаев татыктуу дешип атат. Мен да ошону каалайм.
Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыков президенттик шайлоонун алдында саясий туруксуздукка шыкак болууга аракеттенген күчтөр бар экендигин белгиледи. Анын пикиринде ошол саясий күчтөр жогорудагыдай акцияларды жасалма түрдө уюштуруп жатышат:
- Түштүктөгү стабилдүүлүктү каалабаган күчтөр болушу мүмкүн. Ошонун артынан кээ бир өзүнүн кызыкчылыгын чечип алайын деген кишилер бар бул жерде. Көргөндөр айтып атышат, акча берип талаада жүргөн кишилерди чогултуп алып келгендер бар деп.
Бир канча сааттык сүйлөшүүлөрдөн кийин топтолгон адамдар Ош облустук акимчилигинин имаратын бошотушту жана бир аздан соң таркап кетишти. Айрым жергиликтүү талдоочулардын айтымында мындай акция кайсыл бир адамдар тарабынан белгилүү бир убакытка каржыланган болушу мүмкүн.