Иран Ислам революциясынын сакчылар кеңеши ядролук программаны өнүктүрүүгө уруксат берди

Иранда Ислам революциясынын сакчылар кеңеши өлкөнүн ядролук программасын өнүктүрүүгө уруксат берген мыйзам долборун бекитти. Парламент ал мыйзамды15-майда эле кабыл алган. Европа Кеңеши менен АКШ Ирандын ядролук программасын, айрыкча, уранды байытуу иштерин токтотууга аракеттенип келатышат. Еврошаркет менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн эмки айлампасы июндун аягына белгиленген.