1989-жылы Бээжиндеги Тяньанмень аянтындагы демонстрация учурунда өлтүрүлгөн 100дөй студенттин ата-энелери кечирим суроосун талап кылып, өлкөнүн төрагасы Ху Дзин Таого ачык кат жазышты. 4-июнда Тянанмень аянтында болгон демонстрациянын күч менен басылгандыгына 16 жыл толот. Ал кандуу калабада канча адам курман болгондугу азыр да так белгисиз, божомолдор боюнча өлгөндөр жүздөп саналат.