АКШ сенатында БУУдагы жаңы элчинин талапкерлиги эмдиги айда колго салынат

Бул кызматка Жон Болтон сунуш кылынган, демократ-сенаторлор аны кыялы чукул, саясий калыстыгы жок деп эсептешет. Бейшемби күнү алар жалпы сенатты Болтондун кандидатурасын кийинчерээк добушка салганга көндүрүштү. Болтондун тарапкерлери БУУнун реформасына анын аркасы тиет деп ишенишет.