Президенттикке талапкерлердин арызын кабыл алуу мөөнөтү аяктады

БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясынын президенттик шайлоону өткөрүү боюнча календардык планына ылайык президентикке талапкерлердин арыздарын кабыл алуу мөөнөтү 26-майда аяктады. Ал эми президенттикке талапкерлерди көрсөтүү тууралуу жыйындын протоколдору дагы беш күн бою кабыл алынат. БШКнын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, бүгүнкү күнгө чейин баш аягы 22 адам президенттик шайлоого катыша тургандыгын жарыялашты. Алардын ичинен он тогуз атуул БШКга арыз менен кайрылышты. Бир нече талапкер өздөрүнүн шайлоого катышпай тургандыгын жарыялашты. Алардын ичинен даарыгер Жеңишбек Назаралиев өз арызын кайтарып алды.