Кыргызстан НАТОдон аскердик жардам сурады

Кыргызстандын Швециядагы элчиси алдыда боло турган шайлоо учурунда Кыргызстанда коопсуздукту камсыз кылуу ишинде көмөктөшүүсүн НАТОдон өтүндү. Өлкөнүн Швециядагы элчиси Аскар Сарыгулов НАТО жана анын өнөктөш мамлекеттеринин Швецияда өткөн жыйынында сүйлөгөн сөзүндө терроризмге жана наркоаткесчиликке каршы күрөштө кыргыз бийликтери чалгындоо тармагында жардамга муктаж экенин билдирди. Сарыгулов ошондой эле Кыргызстан аскердик күчтөрүн заман талабына ылайыктоосу керек экенин баса белгиледи. НАТОнун Баш катчысы генерал Яаап де Хооп Схеффер жыйында сүйлөгөн сөзүндө аскердик альянс менен Еврошаркет Европада, Африкада жана Борбор Азияда коопсуздук менен туруктуулукту сактап калуу үчүн бири- бири менен тыгызыраак кызматташуусу абзел экенин айтып өттү.