Президент Владимир Путин Москвадагы авариянын жоопкерчилигин Орусиянын бирдиктүү энергосистемасына жүктөдү

Москванын түштүк бөлүгү, Калуга, Москва жана Тула областтарынын айрым жерлери электр энергиясыз калды. Электр энергиянын жоктугунан баш калаанын метросунан миңдеген адамдар эвакуацияланды. Шаардагы автокыймыл олуттуу кыйынчылыктарга туш болду. Электр энергиянын жоктугунан Тула областынын "Новомосковский Азот" заводунда жарылуу болуп, айлана чөйрөгө уулуу заттар бөлүнүп чыкты.