Өзбек парламенти Анжиян окуясын иликтөө боюнча комиссия түздү

Анжиян облустук прокурору Бахадир Дехканов билдиргенине караганда, 13-майдагы окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн алгач 97 адам кармалган болсо, учурда алардын 52си террордук аракеттерди жасоого катышы бар адамдар катары кармалууда.
Шейшембиде Анжиян окуясын иликтөө максатында Өзбек парламентинде атайын комиссия түзүлдү.