Сузак районундагы Карадарыя айыл өкмөтүнүн Ашуу деген жерин Анжиян козголоңунан кийин качып келишкен өзбекстандык жарандар байырлашууда. Ошол күнү Анжиянга ар кандай себептер менен барып калган Кыргызстандык атуулдардын чоо-жайы такталып, үй-үйлөрүнө жөнөтүлгөн соң, учурда бул жерде 490 өзбекстандык атуул калды. Алардын жашоо-шарты кандай?
Кыргыз-өзбек чегара аймагында убактылуу жашаган өзбек жарандары үчүн түзүлгөн шарт өз үйүндөгүдөй эмес экени белгилүү. Качкындар баш калкалаган он чатырдан башка жараатынан айыккан жарадарлар менен ооругандар үчүн эки чатыр тигилген. Дары-дармек жагын Сузак райондук ооруканасынан башка эл аралык Кызыл чырым, качкындар боюнча башкы комиссариат камсыздоодо. Тамак-аш маселесин адегенде Сузак жана Жалалабат шаарынын коомчулугу мойнуна алса, оокатка зарыл каражаттарды эл аралык АКТЕД кайрымдуулук уюму берүүдө.
Качкындардын өкүлү Таваккал Хожиев чатырлар тардык кылып, бир маал жылуу тамак берилээрин жана Кыргызстан калкы колунан келген жардамын аябаганын билдирди:
- 500 кишиге тигилген он чатыр тардык кылгандыктан, кысылып турабыз. Кыргызстандын калкы менен өкмөтү колунан келген жардамын берүүдө. Бизге бир маал ысык тамак, эки жолу нан-чай берилет.
Мындай пикирди Анжиянда үч баласы калган Мухадил Муллажанова дкубаттаса, Мукаддас Жаббарова качкындарды издеген туугандарын лагерге киргизбей жатканына нааразы болду:
- Бизден кабар алганы келген туугандарыбызды посттон өткөрбөй жатышат.
Оорулуулардын чатырында жарадарлар менен бирге суук тийип, ысытмалаган 13 адам дарыланууда. Тактай төшөлбөгөн чатырдагы төшөктө жаткан Бекзат Алматов.ооруганына 3-4 күн болгонун айтты:
- 3-4-күндөн бери ыстымалап, көңүлүм айнып жатат. Врачтар жакшы карашууда.
Сузак райондук санитардык-эпидемия станциясынын баш дарыгери Мелис Жээнбаевдин белгилешинче качкындар арасында жугуштуу оору жок:
- Ичеги карын, безгек, кургак учук оорулары биринчи күндөрдө катталган эмес. Бүгүнкү күнгө чейин күнүгө үй-бүлөлүкдарыгерлер тобунун башкы дарыгери экөөбүз аларды карап атабыз. Карадарыя айыл өкмөтү менен байланышта болуп, күнүнө таза суу ташып турабыз. Кичине ооруп калгандарга дарыларды берип атабыз. Азыркы күндө бул жердеги адамдарда безгек ооруусу барбы-жокпу деп, канын текшертип атабыз.
Жалалабат аскер гарнизонунун башчысы Абдимажит Абдырахмановдун маалыматы боюнча кыргыз жарандары чыгарылып кеткенден кийин лагерде 489 адам калды. Өзбекстан чатырдан жардам этүү өтүнүчүн жоопсуз калтырган:
- Бүгүнкү күндө 480ден ашуун адам калды. Алардын абалы жакшы, тамак-ашы жетиштүү. Тамак-ашын биринчи күндөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациядан, жеке менчик адамдардан алып атканбыз. Азыр БУУ тарабынан тамак-аш жеткирилип турат. Жатакана маселеси боюнча, палаткалар коюлган, матрац, жууркан-төшөктөрүн толук берип бүттүк. Биз аларды жаткырганга чатыр сурап,эл аралык уюмдарга жана Өзбекстан тарапка кайрылдык. Өзбекстан андан баш тартты. Эл аралык уюмдар Дүйшөмбүдөн алып келгени жатыптыр. Себеби алардын казнасы ошол жакта. Азырынча келе элек, бул маселе жакын арада чечилет.