Жарандык коом адилет шайлоо өткөрүүгө кам көрүүгө киришти

БИШКЕК. 24-майда Кыргызстандагы 6 жарандык уюм «Мен адилет шайлоо үчүн» деген жалпы улуттук жарандык өнөктүктү башташты. Алар ушул күнү тараткан билдирүүдө «Кыргызстандын эли кеткен каталарды кайталабай тандоого укуктуу, жарандык коом президенттик шайлоонун ачык, калыс жана адилет болушу үчүн коомчулуктун бардык күчүн бириктирүүгө даяр» деп айтылат. Билдирүүдө белгиленгенге караганда, жарандык коом артыкчылык берген саясат жок, ошон үчүн мыйзамдын аткарылышына алар коомдук көзөмөл жүргүзүшөт.