УКУК КОРГООЧУ УЮМДАР АКШ АСКЕРЛЕРИН ЖАЗАЛООГО ЧАКЫРУУДА

Эл аралык укук коргоочу уюмдар- президент Хамид Карзайдын Вашингтондогу ырасмий сапарын туштай- америкалык аскерлердин ооган туткундарына карата болгон катаал мамилесине жалпы коомчулуктун көңүлүн бурушууда. Карзай өзү да АКШ президенти Буш менен болчу кездешүүдө бардык ооган туткундарды анын өкмөтүнө өткөрүп берүүнү жана Ооган жериндеги АКШлык аскерлердин операциясын көбүрөөк контролдоону кааларын билдирди.
Эл аралык уюмдар -Ооган лидери Хамид Карзайдын президент Жорж Буш менен Вашингтондо болчу сүйлөшүүсү алдында- америкалык аскерлердин ооган туткундарга көрсөткөн зулумдугу тууралуу кеңири сөз кылышууда. Визит алдында Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы Кабылдын түндүк жагындагы Баграм аэробазасындагы түрмөдө 2002-жылы зобундан эки оогандын өлгөнүн катуу сынга алды. Дилвар менен Хабибулла экөө тең, “New York Times” гезити жума күнү Пентагондун иликтөөсүнө таянып жазганга караганда, ур-токмокко чыдабай көз жумушкан.

Баграмдагы абак жайды текшерүүгө уруксат алган бирден бир уюм- Эл аралык кызыл чырымдын делегациясы бардык туткундар катаал шартта кармалганын аныктап, аларга Женева конвенциясына ылайык мамиле кылууну талап кылышкан. Анткен менен АКШлык аскерлер укук коргоочу уюмдарды, ошондой эле “Азаттык” радиосунун кабарчыларын Баграм абак жайына киргизбей койгон.

Улуттар уюмунун өкүлү Ричард Провенчер абак жайга БУУнун өкүлдөрү киргизлиээрине ишенбейт. Лекин ал түрмөнү текшерүү зарыл деп санайт:

- Ооганстандын Адам укугу боюнча көз карандысыз комиссиясынын, Улуттар уюмунун Ооганстандагы жардамчы миссиясынын өз мандаттарына ылайык абак жайды көзөмөлдөөсүн жана өлкөдөгү адам укугунун абалы тууралуу доклад жасоосун колдойбуз. Бул аскерлердин камакка алуусу жана туткундарды кармоосуна байланыштуу жагдайды айкындоо үчүн зарыл.

Былтыр октябрда АКШнын аскерий соту өткөргөн тергөө Дилвар менен Хабибулланын өлүмүнө кеминде 27 аскердин тиешеси бар деген тыянакка келген. Бирок жети жоокер күнөөлүү деп табылып, алардын эч кимиси соттолгон эмес.

Ооганстандын Адам укугу боюнча көз карандысыз комиссиясынын өкүлү Надыр Ахмед Надири эки жарандын өлүмүн аныктоо үчүн комиссиянын текшерүүсүнө катар көз карандысыз прокурор дайындоо абзел деп санайт:

- Менин оюмча, бул кылымыштуу окуяны иликтөө үчүн бейтарап прокурордун тергөө жүргүзүшү шарт.

Эл аралык Хьюман Райтс Уоч уюмунун Ооганстан боюнча эксперти Сэм Зафиринин айтышынча, АКШ бийликтери аскерлердин бейчеки иштерине чыдабасын оогандарга көрсөтчү мезгил келди:

-Абактагыларга жасалган катаал мамиле эки жылдан бери тергелип жатат. Азыр президент Буш тийиштүү чара көрчү, анын ичинде өз өкмөтүндөгү мартабалуу адамдарды жазалоочу убакыт бышып жетилди.

Сэм Зафиринин сөзүнө караганда, Карзай менен Буш Ооганстандагы операция ийгиликтүү болду деп жарыялоосу үчүн, аларга катуу кысым көрсөтүлүүдө. Бирок Ооганстанды колдоочулар азайып барат. Андыктан, президент Карзай Вашингтондогу сүйлөшүүдө тартынбастан, мурда убада кылынган жардамдарды чечкиндүү талап кылышы абзел деген пикирде Сэм Зафири.

Карзай мурда айтканга караганда, АКШ президенти Буш менен болчу кездешүүдө ал бардык ооган туткундарды анын өкмөтүнө өткөрүп берүүнү, Ооган жериндеги АКШлык аскерлердин операциясын көбүрөөк контролдоону кааларын ачык билдирет.