Кыргыз-Өзбек чек арасындагы тосмолордун айрымдары ачылды

БИШКЕК. 23-майдан тарта Ош обласынын Карасуу районундагы Кыргыз-өзбек чегарасындагы «Достук» жана «Ынтымак» чегара көзөмөл тосмолору ачылды. Тагыраак айтканда, ушул күндөн тарта аталган тосмолордон эки өлкөнүн атуулдарынын жана жүк ташыган автоунаалардын өтүшүнө чек коюлбайт. Чегара кызматынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, чегара тосмолору Кыргызстандын жаңы бийлиги менен өзбек жетекчилигинин өз ара сүйлөшүүсүнөн улам ачылды. Белгилей кетүүчү нерсе, аталган чегара постору мындан үч жыл илгери өзбек бийлиги тарабынан бир тараптуу жабылган.