Коргонтөбөдөгү кыргыздарда бушаймандык бар

БИШКЕК. Өзбекстандагы кыргыздарга эч кандай басым жок, бирок алардын арасында эртеңки күнгө карата бушаймандык байкалат. Мындай пикирин Өзбекстандын Коргонтөбө районунун акими Нуркамил Касымов 22- майда Төлөйкан Исмаилова менен жолугушканда билдирген. Өзбекстандын бул районунда 30 миңге чукул кыргыз жашайт. Атуулдук коом коррупцияга каршы уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилова 22- майда кыргыз- өзбек чек арасын кыдырып, кырдаал менен таанышып чыкты.