Ооган кыргыздарынын абалы оор

БИШКЕК. Ооганстанда жашаган кыргыздардын абалы ушул тапта оор. Негизинен мал чарбачылык менен алектенген кыргыздардын малы чөпсүз, тоютсуз калып, жут болууда. Премьер-министрдин маалымат кызматынан билдиришкендей, ооган кыргыздарына гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси өкмөттө каралышы мүмкүн. Өткөн жылы жайында Бишкекте бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын төртүнчү курултайынан кийин Экология жана чукул кырдаалдар министрлиги тарабынан Ооган кыргыздарына жардам көрсөтүлгөн. Аларга ун, кум шекер, отун, медициналык жабдуулар, дары-дармек жеткирилген. Бүгүнкү күндө Ооганстанда 2,5 миңге жакын кыргыз жашайт.