Кыргызстанда Европа күндөрү башталды

БИШКЕК. 20-25-май күндөрү Кыргызстанда Европа күндөрү өтөт. Анын бет ачаар аземи жума күнү Бишкектеги көркөм өнөр музейинде болуп, ага вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров катышты. Европа күндөрү учурунда Европа өлкөлөрүнүн кинолору көрсөтүлүп, поэзия, музыка кечелери, сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулат. Бул иш чара Кыргызстан менен Европанын кызматташуусун бекемдөө максатын көздөгөнү кабарланууда.