АНЖИЯН КОЗГОЛОҢУ, КЫРГЫЗ- КЫТАЙ ТЫШКЫ САЯСАТЫНЫН КҮҢГӨЙ- ТЕСКЕЙИ, ЖЕР ТАЛАШ

Президенттик шайлоо камылгасы, жер талаш чуусу, Анжыяндагы козголоң - кыргыз маалымат каражаттарында негизги тема болду. “Акыйкат” партиясынын лидери Кеңешбек Дүйшөбаевдин “ Учурдагы бийликке оппозиция болобуз, бирок конкреттүү сунуштар менен чыгабыз” деген пикири 20- майда жарык көргөн “Бишкек таймс” гезитинде жарыяланды.
20- майда жарык көргөн “Агым” гезитинде кабарчы Алишер Токсонбаевдин “Мындай аткылоону кинодон гана көрчү элек” деген макаласы жарыяланды. Анда Өзбекстандын Анжиян облусундагы кандуу кагылыш, Сузак районундагы Тешикташ аймагындагы өзбекстандык качкындардын убактылуу лагери тууралуу баяндалат.

“Коңшу өлкөгө жумуштап барып, Анжыян көтөрүлүшүнөн катуу жабыр тарткан оштук Мухамат Мавлянов “Ошол учурду эч унута албайм. Себеби, мындай кандуу кыргынды, элди кууп жүрүп аёосуз аткылоону кинолордон гана көрчү элек. Калайык көтөрүлгөнчөлүк бар тура. Авторитардык режим чегинен ашыптыр” деп жооп берген кабарчынын суроосуна.

Ошондой эле өлкөнүн тышкы саясаты, учурдагы абал, парламенттик башкаруу жана алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу “Агым” гезитинде Казакстандагы элчи Жумагул Сааданбеков менен кабарчы Мамат Сабыров маектешкен. Элчи мырза “24- марттагы окуянын келип чыгуу себептерине токтолуп, Кыргызстанга парламенттик башкаруу ылайык келбестигин жана түндүк- түштүк маселеси тууралуу өз ойлорун ортого салган.

Ушул гезитте дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу катчы Гүласина Каленова мындайча айтып берди.

- Феликс Куловдун маеги чыкты. Андан тышкары өлкөдөгү чегара көйгөйлөрү, Аксы окуясы тууралуу Калмурат Садиев ой бөлүшөт. Акаевдин бийлиги эмне менен аяктаарын 5 жыл мурда эле айткан парапсихолог бүгүнкү бийликке ким келээрин баяндаганы, жер маселесинин чыр-чатагынын тамыры каякта, ушул суроого Өмүрбек Субаналиев жооп берет. “Мекеним- Кыргызстан” жаңы муун кыймылынын экономикалык программасынын тезистери жарыяланды. Чоочун эле бирөөнүн 6 кызын асырап алган эне тууралуу макала, жаш жубайларга арналган “Биз экөөбүз” рубрикасы чыкты.

20- майда жарык көргөн “Аалам” гезитинде да Анжияндагы окуялар чагылдырылды. Ошондой эле Мыйзам чыгаруу жыйынынын экс- депутаты, “Эл мурас” партиясынын жетекчиси Токтокан Боронбаеванын “Келгиле, ак жоолукчандар биригели!” деген маеги жарык көрдү. Анда гендер саясаты, алдыдагы президенттик шайлоо, учурдагы парламент жана коррупция тууралуу кеп болот.

20- майдагы “Аалам” гезитинде жарыяланган макалалар жөнүндө башкы редактордун орун басары Аида Надырбекова айтып берди:

-Кулов- Бакиев тандеми, экөөнүн ынтымакка келиши, мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун өлкөдөгү идеологиянын башаты, рухий мурастар тууралуу маеги, саясатчы Үсөн Сыдыковдун бейнесине сүртүмдөр ”Саясаттын татаал жолунда Сыдыков” деген темада чыкты. “Бизге элдик Конституция керек” деген белгилүү адвокат Токторбек Ашыркул уулунун сунуш- пикирлери жарыяланды.

Ал эми 20- майда окурмандардын колуна тийген “Бишкек таймс” гезитинде “Акыйкат” партиясынын лидери Кеңешбек Дүйшөбаевдин “Учурдагы бийликке оппозиция болобуз, бирок конкуренттүү сунуштар менен чыгабыз” деген пикир- сунуштары жарыяланды. “Бишкек таймстын” бул санында дагы кандай макалаларга орун берилгени тууралуу башкы редактордун орун басары Эмил Момунов буларга токтолду:

- Өлкөнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаеванын Кытайга болчу ырасмий сапарынын жыйынтыктары “Бишкек таймс” гезитинде чагылдырылды. “Кытай-Кыргызстандын өнөр жайын инвестициялаганга күчү жетээрин, эл керектөөчү товарлар менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү бардыгын, ошондой эле өлкөнүн аймагы аркылуу өтө турган темир жолду куруу менен Кыргызстандын экономикасына да чоң салым болоорун” айткан өлкөнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева. Кыргыз темир жол башкармалыгын аз убакыт башкарса да кандай иштерди бүрткөргөнүн Нариман Тулеев баяндап берген.

20-майдагы “Кыргыз туусу” гезити президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин Тажикстандагы сапары, “Ыңкылаптын өңү бар, өзү кайда” деген философия илимдеринин доктору Рахат Ачылованын 24- марттагы революцияны талдоого алган макаласы, “Рух- улут башаты” деген өлкөнүн маданиятты өнүктүрүү комиссиясынын төрагасы Султан Раевдин маеги, адам сатуу бизнеси жөнүндөгү кабарчы Данияр Шабдановдун макаласына орун берди.

20- майдагы “Жаңырык апта” гезитинде “Мекеним Кыргызстан” жаңы муун кыймылынын лидери Урматбек Барыктабасовдун “Чөп чыкпайт деп, жерден түңүлбө” деген тема менен маеги жарык көрдү. Анда өлкөнүн экономикасын көтөрүүнү улуттук идеологиядан бөлүп кароого болбостугу, элдин жакырчылык сазына батып турганы, коррупциянын тамыры үзүлбөй жатканы, учурдагы бийликтин бечелдиги, саясый жана экономикалык кризистен чыгуунун жолдору айтылат.